Жашы өтүп калган медицина кызматкерлери карантин учурунда эмгек өргүүгө чыгышы мүмкүн
Бүгүн, 26-мартта өткөн онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова медицина кызматкерлеринин маселелерине токтолду.
"Азыркы тапта дарыгерлердин жумушка барып келүүсүн камсыздоо үчүн иш-аракеттер көрүлүп жатат. Транспорт маселеси толугу менен чечилди дегенден алысмын, бирок аракет кылып жатабыз. Ошондой эле вирусту жуктуруп алуу коркунучу бар улгайган жана балдары бар медицина кызматкерлерине алардын каалоосу болсо, эмгек өргүүсүн берүү каралып жатат", - деп билдирди Акматова.
Ошондой эле ал эгерде өлкөдө абал курчуп, медицина кызматкерлери жетишсиз болуп бара жатса анда өргүүгө чыккан кызматкерлер кайра жумушка тартылаарын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.