super.kg logo

Кыргыз өлкөсү Орусиядан жардам иретинде буудай жана өсүмдүк майын сурап кайрылды

 

Кыргыз өлкөсү Орусиядан 100 миң даана тест-систем жана 300 даана жасалма дем алдыруу аппаратын сурап кайрылды. Бул тууралуу "Коммерсант" гезити жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Аталган басылма бул тууралуу дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүү үчүн бири-бирине кантип жардамдашып жатканы жөнүндө көлөмдүү материал даярдаган. Айрыкча сөз Орусиянын иш-аракеттери тууралуу болгон. Анда Москвадан, Пекинден жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан Бишкек жардам күтүп жатканы тууралуу айтылат. Орусиядан башка Кыргыз өлкөсүнө Түркия, Япония, Кытай жана АКШ жардамга колун сунушкан. Вашингтон Бишкекке 10 миң даана хирургиялык бет кап, 10 миң даана кол кап, 1 миң 400 даана халат жана 200 даана медициналык коргоочу көз айнекти жардам катары берген.

Мындан сырткары USAID уюму пандемиянын алдын алуу үчүн 913 миң доллар акча каражатын бөлгөн.
Бирок аталган акчаны жардам берип келген эл аралык уюмдар алган. Ушул сыяктуу эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине Германия жардам берүү ниетинде турат.

Маалыматка ылайык, 24-мартта Кыргыз өкмөтү өлкө эмнеге муктаж болуп турган болсо, ошол нерселерди тизмектеп, Москвага жөнөткөн. Тизмеде тест-системден башка 200 стационардык жана 300 портативдик тепловизор, үйдө карантинде кармалган жарандарга 20 миң электрондук браслет жана биологиялык коргоочу 10 миң даана костюм бар. "Тизмедегилер Орусия каалоосуна жараша жардам бере ала турган жабдыктар. Мындан башка Орусия өкмөтүнө түз өтүнүч келтирген учур бар. Анда Кыргыз өлкөсүн азык-түлүк менен камсыздоо, анын ичинде эң биринчи дан азыктары, ошондой эле суу май тууралуу айтылат. Азырынча Орусия Бишкекке болгону 17 миң даана тест систем жөнөткөн", - деп айтылат аталган басылмадагы маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
26.03.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздагы жылдар отуп оз тундугун озу которгон кучтуу эл болобуз эчкимге коз каранды болбой ИНШАЛЛА Биздагы башка олколорго жардам беребиз бизге биримдик гана керек
26.03.2020. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Алар өздөрү деле вирус менен күрөшүп жататго. Аларга караганда бизде аз кудайга шүгүр,качан тилемчилик кылганды токтотот биздин чоңдор, өзүбүздө деле акчалар чогулуп жататго
26.03.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Же элден жашырып жатабы? Вирус жуктургандар көппү?
Чогулган акчаларды былчыйып жешинер керекта ээ?
26.03.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nuri1988Elim2010,шектуу жаткандар бар. Ооруунун белгиси бар, бирок тесттен таза чыккан же ж.б.у.с. Биздикилер уйундо жашырынып жатабы деп да коркутуп, балким даярдык коруп жатышат
26.03.2020. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра эле Россиядан жардам суроого муктажбыз. Башка айла жок. Кыргыз элимди Тенирибиз колдосун.
26.03.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Россия озу кыйын кезенде турса. Кудайымдын козу туз болсун Кыргызстаныбызга.
26.03.2020. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жазгы талаа иштери кечеңдеп жатат, ушундай кетсе тилемчилик кайыр сураган өлкө бойдон калабыз
26.03.2020. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
срогу откон майларын берет да
26.03.2020. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акча котордук деп эле жатат го ошол акчаларга сатып алса болбойт бекен тилемчилик кылбай. Алгандын бермейи да бар
27.03.2020. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орусия буудай экспорт кылууну жакында эле убактылуу токтотту эле, берер бекен?((
27.03.2020. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бербесе абересиз дейбиз да,башка айла жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: