super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Дин жана улуттар аралык маселелер абдан татаал нерсе”

 

“Мамлекеттик  органдар азырынча улуттар аралык жана башка маселелерди чечүүдө эксперттик коомчулуктун  мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай жатышат”,- деп билдирди 27-августта Алмазбек Атамбаев улуттар жана конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча иш жүргүзгөн коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууда.

Өлкө башчы Коомдук эксперттик кеңеш бир жыл ичинде мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өз ара кызматташуусунда маанилүү аспапка айланганын белгиледи. “Эми кабыл алынган стратегиялык документтерди  конкреттүү ишке ашыра турган мезгил келди. Акыркы чакан чыр-чатактар көрсөткөндөй, мамлекеттик органдар  азырынча эксперттердин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбай жатышат. Мурда көнгөн ыкмаларды пайдаланышууда”,- деди Атамбаев.

Атамбаев улуттар аралык мамилелер, дин көйгөйлөрү Кыргызстанда көп жылдардан бери топтолуп, эми коркунучтарды жаратып жаткандыгын айтты. “Бул маселелер абдан татаал. Аларды кайсы бир мамлекеттик орган өзү эле чече албайт. Муну кеңири отуруп талкуулоо зарыл. Идеялардын жана сунуштардын атаандашуусу, кызыкдар жарандар менен эксперттерди тартуу зарыл”,- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: