super.kg logo

Сүрөтчү жубайлар "Вируска каршы" деген ролик тартып, ал заматта вирустук видеого айланды (видео)

 

Америкалык сүрөтчү жубайлар "Вируска каршы" деген ролик тартып, ал заматта вирустук видеого айланган.

Таланттуу жубайлар ширеңкелердин мисалында пандемия маалында ар бир жарандын үйүндө калуусу маанилүү экенин көрсөтүшкөн. Дүйнө жүзүнө жайылган коронавирустун жолун тосуу үчүн "социалдык дистанция" кармоо сунушун анимация аркылуу ишке ашырышкан.

12 секунддук анимациялык кыска тасмадан тизилген ширеңке талдары күйүп жатканын көрүүгө болот. Тутанган от токтобостон чынжырча болуп кете берет. Бирок ширеңке талдарынын арасынан бирөө катардан чыгып кеткенде чынжырча үзүлүп, жалын андан ары өтө албай калат. Кыска тасма коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча көптөгөн узун лекциялардан дагы эффективдүү экенин аны көргөндөр моюндарына алышкан.






Ширенкелердин мисалында көрсөтүлгөн "Вируска каршы" аттуу социалдык ролик жарыяланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: