Ырчы Нурлан Насиптен "таз баш" челленжи. Шоу өкүлдөрү 20 жылдан бери алына элек чачын кырышууда
Ырчы Нурлан Насип үй карантининде отурган кесиптеш досторуна чакырык таштап, жаңы челленж баштады. Видео кайрылууда ырчы мырза үйдө отурганда башын сергитейин деп чачын алдырганын айтып, эстафетаны досторуна узаткан.
Нурландын узаткан челленжин алпаруучу, шоумен Максат Довранов колдоду. "Чачым 20 жылдан бери кырылбаган болчу шылтоо менен башты эс алдырып жатабыз" деген Максат.
Ал эми тамада, шоумен Улук Сапаров элден өзгөчөлөнүп, өзгөчө чач жасалга кылган. "Жөн эле "лысый" болбой, причёска менен "лысый" болдум" деп жазган ал. Кийинчерээк Улук көкүлүн да алдыртып, таз баш болгон.
Улуктун эстафетасын ди-джей Аскат Алдашев да улантты. "Ойлоп көрсөм, 5-класстан бери таз баш боло элек экенмин. Ошондон бери башымды сергитейин деп, мына бүгүн чачымды алдырттым", - деп жазган Аскат.
Эстафета узатылгандардын катарында тамада, шоумен Манас Алыкулов да бар. Алар буга чейин мындай челленжди "басып өткөндүктөн", архивдеги сүрөтү жетиштүү болот го деп, ошону менен чектелген.
Нурлан челленжди Мирбек Атабеков, Омар, Аваз Акимов, Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаевге жана башкаларга узаткан. Алмаз чачты алуу-албоону азырынча ойлонуп жатканын билдирди. Ал эми Нурмат жакында гана умрадан чачын алдыртып келгенин билебиз. Ырчы мырза кайрадан эми өсүп келаткан чачын алдыртабы, жокпу көрө жатарбыз.
Нурлан Насип таз баштар челенжин баштады
"Таз баш" челенжи Улук Сапаров
"Таз баш" челенжи Максат Довранов

Этика нормаларын сактаңыз.
Ойунар эптеп эле пиар кылыш керек тобоо кылдым...!!!
Андан көрө медиктерибизге форма жетпей атат ошолорду алып берип эстафета кылсанар болмок сооп иш кылмаксынар окшошкон ералаштар....!!!!!