super.kg logo

Кыргызстандын мобилдик түйүнү "карантиндик" жүктөмдөрдү көтөрө алабы?

 

Коронавирустун айынан көпчүлүк кыргызстандыктар эми үйдө иштеп жатышат. Банктар, IT-компаниялар жана көпчүлүк ишканалар өз кызматкерлерин үйдө иштөөгө жибергендиктери тууралуу билдиришти. Натыйжада эмне болот?

Европанын, Россиянын, андан кийин Казакстандын тажрыйбасы тармактык трафиктин өсүүсүн көрсөтүп жатат. Чет мамлекетте орточо жүктөм 20%га өстү. Мисалы, Европада Netflix стримингдик сервиси жакын арадагы 30 күнгө өз трансляцияларынын сапатын төмөндөткөндүгүн жарыялады. Максат – интернет-провайдерлердин жүктөмдөрүн азайтуу. YouTube видеохостинги дагы «жалпы кызыкчылыктар үчүн» көрсөтүүлөрүнүн сапатын төмөндөтүү боюнча чечимин да билдирди. Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг анын платформасында дагы активдүүлүк көбөйө баштагандыгын билдирди. Цукербергдин сөздөрүнө карай турган болсок, Фейсбуктагы активдүүлүк бүгүнкүгө чейин жыл сайын Жаңы жыл түнүндө гана болчу, бирок азыр бул рекорд эскирип калды десек болот.

Кыргызстанда да мобилдик түйүндөргө жүктөмдөр көбөйүп жатат. Муну кыргызстандыктардын өз алдынча изоляцияга чыккандан баштап, онлайн көңүл ачуучу жана билим берүү контентине көбүрөөк кире башташкандыктары менен түшүндүрсөк болот. Мында YouTube, Instagram, Facebook тиркемелеринде, түрдүү онлайн-стримингдик сервистеринде, WhatsАpp жана Telegram мессенжерлеринде, Skype, Zoom видеокоммуникациялары үчүн каражаттарында, онлайн-оюндарында жана башка тиркемелерде трафик бир кыйла өскөн.

Бул абал боюнча О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко түшүндүрмө берди.

- Азыркы учурда компания сыйымдуулук жана камтуу боюнча бүт Кыргызстан боюнча эң ири 4G LTE түйүнүнө ээ. Ооба, түйүндүн сыйымдуулугу былтыркыдан бери 2 эсеге өскөн. Бирок азыркы этапта трафиктин 20-40%га чейинки болжолдонгон бир учурлук көбөйүүсү жана анын борбордон аймактарга кайрадан бөлүштүрүлүүсү түйүндөргө ашык жүктөмгө алып келет, балким, түйүн толугу менен деградацияга дуушар болбошу үчүн сервистердин жана интернет-ресурстардын бир бөлүгүн колдонууга эрксиз чектөө коюу боюнча чараларды кабыл алышыбыз керек болот. Азыркы учурда мобилдик байланыш негизги кызматтардын координациясы жана уюшкандыгы үчүн алдыңкы катарда иштеп жаткан бардык кишилер үчүн өтө маанилүү нерсе. Өз тарабыбыздан биздин команда түйүндүн жана бардык сервистердин штаттык режимде иштөөсүн камсыздоо үчүн болгон аракетибизди жумшай тургандыгыбызды билдиребиз.

О! Мобилдик оператору кошумча чаралар катары шашылыш түрдө интернет каналдарын кеңейтти. Мындан тышкары өзгөчө кырдаалдын шарттарында компаниянын техникалык командасы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат, жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү улантылууда. Учурдан пайдаланып, О! Мобилдик оператору убактылуу ыңгайсыздыктар учурунда түшүнүү менен кабылдаган колдонуучуларга ыраазычылык билдирет жана алыс жайгашкан калктуу пункттар менен бирге бүт кыргызстандыктарды байланыш менен камсыз кылуу үчүн болгон аракетин жасайт.

Чет өлкөлүк адистердин божомолдоруна ылайык, карантин учурунда дүйнө жүзү боюнча байланыш түйүндөрүнө жүктөмдөр өсө баштайт жана учурдагы көрсөткүчтөрдүн дагы 20-40%га чейин өсүүсү күтүлүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: