super.kg logo

"Вирустан элим кутулаар, кырсыктын жолу бузулаар". Үйдө жөн жатпай коронавируска ыр арнаган акындар

 

Өлкөдө өзгөчө кырдаал андан соң өзгөчө абал киргизилгени өлкөбүздүн жарандары бар күчүн социалдык тармактардан чыгарып жаткандай. Дүйнө жүзү боюнча социалдык тармактардын колдонуучуларын саны жана алардын активдүүлүгү пандемия учурунда кескин өскөн.

Социалдык тармактарда акындар элден эрежелерди сактоосун жана үйдөн чыкпоосун өтүнүп, видео кайрылуу жасашса, айрымдары ал тууралуу ыр жазган.

Акын Садырбек Турдубек уулу:

Илгери үйдө жатпастан,
Жоо чапкан кыргыз качпастан.
Бул илдет андан күчтүү жоо,
Үйдө жат сыртка баспастан.

Төкмө акын Кадырбек Бейшенов:

Каралдым менде нак кайгы,
Кайгырган кептен айтпайлы.
Кайрылып сага бармакмын,
Карантин болуп жатпайбы.

Акын Бердибек Жамгырчиев:

Вирустан элим кутулаар,
Кырсыктын жолу бузулаар.
Азапты далай жеңген журт,
Андайды алыс учураар.

Калдайган калың кыргызым,
Качпаса болду кутуңар.
Дардыйган биздин жегичтер,
Дагы да болсо жутунаар.

Шалпаңдап анан бир гана,
Шайлоого чуркайт бутуңар.
Ата-журт жанын соолуткан,
Айыкпас вирус ушулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.03.2020. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Короновирус аша чапкан диндарлардын чыныгы жузун корсотуп койду. Акыркы жылдары олкодо кобойуп кеткен эле озу да.
26.03.2020. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
MOTOP,сен ЙОПТ экенсин диний аалымдар эмне кылсын же ошол ойлоп таптыбы бул ооруну бул вирус чыныгы динсиздер ааламы кытайдан чыгып дагы эле ошол динсиздер ааламы италияда кучоп жатат го тообо кылсан
26.03.2020. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MOTOP, Тынчыган мотор эч качан пайда алып келбейт экен май расхот болуп эле тутоп экологияга элге зыянын тийе берет экен. Акыры темирге саттым!
Samatalibei түзөттү 2020-03-26 23:30:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: