Ош шаарында 22 жаштагы келин асынып, каза болду. Ал 4 ай мурда келин болуп келген
Ош шаарынын Жапалак айылында 22 жаштагы келин өз үйүндө асынып, каза болду. Окуя 25-мартта түнкү саат 00:30 чамасында орун алган. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан ырасташып, буларга токтолду.
"Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын 1997-жылы туулган И.Э. аттуу тургуну өз үйүндө асынып, каза болгон. Ал жаш келин. Баткен районунан аталган районго келин болуп келгенине болгону 4 гана ай болгон. Учурда бул факты боюнча Ош ШИИБинин тергөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Соттук медициналык экспертиза дайындалды", - дейт мекеменин басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
-2

анан жарашыктуу кийинип журуш керек жудобой,бирок кийим алып бер деп баланы кыйнабаш керекпиз,ата энеси бай,кыйын адамдар болуш керек,куйоо баласын ишке коюп же бизнес кылууга жардам берип котормолоо учун
Бир жыл жашабай асынып алса ото ото начар экен, кыргызга озу келин керек эмес робот керек. Кыргызга келиндик кор кылганча кыргыз БАЛДАРДЫ эрге бериш керек болуп калды акыркы убактарда