super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" ЖООП: "Соттук отурумга иши карала турган адамдардын жакындары келе албай жатат" дейт Чүй облустук соту

 

Буга чейин "биз жумушка келип жатабыз. Бирок бизге коронавирус жукпайт деп ким кепилдик бере алат?" деп Чүй облусунун райондук сотторунун кызматкерлери "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылышкан.

Анда кызматкерлер жумушка кечигип жатышкандарын айтып, коомдук транспорттор уюштурулбай жатканын айтышкан.

Бул суроолор менен Чүй облустук сотунун басма сөз кызматына кайрылганыбызда, облустук сот штаттык режимде иштеп жатканын билдиришти.

"Соттук отурумга иши карала турган адамдардын жакындары келе албай жатышат. Бардыгы бизге блокпосттордон өткөрбөй жатканын телефон аркылуу чалып айтышууда. Кечигүүлөр дагы болуп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле учурда өзгөчө абал киргизилген Ош жана Жалал-Абад облустук соттору дагы штаттык режимде иштеп жатканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: