super.kg logo

"Тез жардамдын" кызматкери коронавирус тууралуу жалган маалымат таратканга шектелип кармалды

 

Баткен жана Нарын облусунун тургундары коронавирус эпидемиясына байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратты деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"23-мартта коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан Г.М. аттуу 1964-жылы туулган Баткен облусунун Кызыл-бел айылынын тургуну жана Э.Ж. аттуу 1984-жылы туулган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну аныкталды.

Биринчи жаран Баткен облусундагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан. Ал эми экинчи жаран социалдык тармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып коё берүүдө деген маалыматты тараткан.

Эки жаран менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты. Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш-аракеттер жүрүп жатат",
- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: