super.kg logo

Дезинфекциялоо иштеринин адамга зыяны барбы? Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин жообу (видео, фото)

 

Бүгүн, 27-мартта Бишкектин борбордук көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөрү маалымдалган.

Маалыматта дезинфекциялоо процесстери Бишкек шаарынын бардык райондорунда жүргүзүлөрү айтылган.

Буга байланыштуу шаар тургундарында "Дезинфекция учурунда терезе ачса болобу? Көчөдө басууга болобу? Жашоочулар үчүн зыян эмеспи?" деген суроо жаралды.

SUPER.KG порталы Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментине байланышып, суроолорго жооп алды. Анда департаменттин башкы адиси Абдыбек Султаналиев шаарды дезинфекциялоодо зыяндуу заттар колдонулбаганын, хлор менен тазаланып жатканын айтат.

"Шаардын көчөлөрүн дезинфекциялоодо хлор колдонулуп жатат. Анын адамдарга эч кандай зыяны жок. Департамент көп жылдар бою бул процесстерди ишке ашырып келгендиктен бир гана адамдарга эмес, өсүмдүктөргө жана канаттууларга дагы терс таасирин тийгизбегидей аралашманы чачып жатат. Алсак, учурда 10 пайыздык хлорду пайдаланып жатабыз. Ал эми Казакстанда дезинфекциялоодон канаттуулар кырылып жатат деген маалымат бизге түшкөн жок. Балким ал жакта дезинфекциялоо үчүн башка заттардын аралашмасы чачылып жатат. Кыргыз өлкөсүндө, анын ичинде Бишкек шаарында адамдарга жана жаратылышка зыяны тийбегидей дезинфекциялоо процесстери жүрүүдө", - дейт башкы адис.






Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.03.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул убакыттан пайдаланып бактардыда куртуна каршы дары чачсанар а то жылына жалбырак ачып эле саргайып кетип жатат байкасанар курт тушуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: