Билим берүү жана илим министрлиги эң мыкты видеосабактардын сынагын жарыялайт. Байге фонду 150 миң сом
Өлкө аймагында эң мыкты видеосабактардын республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Билим берүү жана илим министрлиги таланттуу жана жөндөмдүү мугалимдердин эмгегин, чыгармачылык изденүүлөрүн баалап, жаңы мезгилдеги алдыңкы педагогдорду коомчулукка көрсөтүп, алардын алдыңкы тажрыйбаларын, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын сунуштап, топтоп жана жайылтып, педагогдордун маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу максатында “Санариптик педагогика” деген аталыштагы республикалык сынак жарыялайт", - деп айтылат маалыматта.
Конкурсту өткөрүүнүн этаптары:
1-этап – 2020-жылдын 26-мартынан 2-апрелине чейин;
2-этап – 2020-жылдын 2-апрелинен 30-апрелине чейин;
3-этап – 2020-жылдын 30-апрелинен 18-майына чейин.
Конкурска менчигинин түрүнө карабастан, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери жекече катыша алышат. Видеосабактар кыргыз жана орус тилинде болушу керек. Ар бир катышуучу программага ылайык келген, ырааттуулугу камсыздалган, ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, 5тен кем эмес видеосабактарды бериши шарт.
Сынакка базалык окуу планына (БУП), предметтик стандартка, окуу программасына, календардык-тематикалык планга дал келген жана IV чейректе өтүлө турган сабактардын материалдары менен гана катышууга болот. Ошондой эле конкурска катыша турган видеоматериалдар конкурс жарыяланган күндөн баштап даярдалышы керек жана түрдүү интернет ресурстарында (билим берүү порталдарында, You Tube, Facebook) жайгаштырылышы зарыл.
Видеосабактарды баалоодо сабактын мазмуну, максаты, милдеттери, актуалдуулугу, логикалуулугу, таасирдүүлүгү, көрсөтмөлүүлүгү (анимация, сүрөттөр, схемалар ж.б.), алдыңкы технологияларды пайдалануусу, окуучулар менен кайтарым байланыштын механизминин көрсөтүлүшү жана башка критерийлер эске алынат.
Байгелүү орундар үчүн демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар каралган:
1-орунга 50 000 сом;
2-орунга 40 000 сом;
3-орунга 30 000 сом.
Мындан сырткары катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон 3 сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.
Конкурсту уюштуруу, ага катышуу тартиби, видеосабактарга болгон талаптар, видеоматериалдын тиби, баалоо критерийлери, видеоматериалдарга болгон техникалык талап боюнча жобо менен Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан тааныша аласыздар.





1 |