super.kg logo

Коронавирус өпкөнү кантип жабыркатат? Окумуштуулардын изилдөөсү (видео)

 

COVID-19 адамдын организмине ооз, мурун аркылуу кирип, тамак аркылуу өпкөгө жетет.

АКШнын Жорж Вашингтон университетинин докторлору коронавирус адамдын өпкөсүн кантип жабырката турганын видео аркылуу көрсөтүштү. Жабыркаган өпкөнүн видеосун тартуу үчүн окумуштуулар виртуалдуу технологияны колдонушкан. Тагыраагы, алар изилдөөгө коронавирус менен жабыркаган бейтапта оору кандай өрчүп жатканын колдонушкан.

50 жаштагы киши текшерилүү үчүн ооруканага келип, коронавирус менен жабыркаганы аныкталган. Бейтаптын олуттуу делген оорулары жок болгон. Бир нече күндөн кийин анын абалы оорлошуп, коронавирус тез арада эле өпкөнү жабыркаткан.

Эксперттер бейтаптын өпкөсүнө жайылып жаткан вирусту визуалдаштырышкан. Видеодо COVID-19 жашыл, сары түстөр менен белгиленген. Анда вирустун жайылышы даана жана так көрүнөт. Аталган университеттин көкүрөк хирургия бөлүмүнүн башчысынын айтымында, коронавирус менен жабыркагандардын 20 пайызынын абалы оорлошот. Мындай учурда бейтапка жасалма дем алдыруу менен гана жардам берсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: