"Алкоголдук ичимдикке ууланып калган". Кантта эс-учун билбей, көчөдө жатып калган аял тууралуу Чүй ОИИББи маалымат таратты
26-мартта Кант шаарындагы көчөлөрдүн биринде эс-учун билбей жаткан аял спирттик ичимдикке ууланып калган. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Эс-учун билбей жаткан аял тууралуу "Тез жардам" кызматына билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге медицина кызматкерлери барып, аял алкоголдук ичимдикти көп ичип, ууланып калганын аныкташкан. Милиция кызматкерлери тарабынан аялдын аты-жөнү такталып, ал 1986-жылы туулган С.В. экени белгилүү болду. Учурда ал үйүндө, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери эс-учун жоготуп жаткан аялды видеого тартып, жалган маалымат тараткан жарандын аты-жөнүн аныктоо жана издөө иштерин жүргүзүп жатышканын кошумчалады мекеменин маалымат кызматынан.


