"Окурман үй-бүлө" аттуу китеп окуу акциясы жарыяланды
Билим берүү жана илим министрлиги "Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" аталышындагы үй-бүлөлүк китеп окуу акциясын жарыялайт.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, үй-бүлөдөгү таалим-тарбия процессин жакшыртуу, ата-эненин баласынын алдындагы жоопкерчилигин арттыруу жана окуучуларды мекенчилдикке, жакшылык жасоого, жардам берүүгө, боорукердикке, ата-энесин сыйлоого, коомго пайдалуу инсан болууга үйрөтүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги "Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" аттуу саамалыгын баштайт", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Китеп окуу саамалыгына ар бир үй-бүлө катыша алат.
Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштайт. Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окуйт жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат. Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет.
Андан кийин китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин Фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырышы жана социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек.
Саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат. Эң активдүү катышкандарга Билим берүү жана илим министрлиги "Окурман үй-бүлө" наамын тапшырат.
Урматтуу ата-энелер, дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу үй-бүлөңүздүн кучагында балдарыңыз менен бирге болуп, аларды тарбиялоого көңүл буруп, китеп менен достошууга чакырабыз!



Бирок китеп мурункудай ар бир уйдо китеп жок экенин эн сонун билсе керек.
Кайсы китептер бар бугунку кундо "Улуттук китепканада" улуу-кичуулорго ылайыктуу?
Силер элге сунуштасанар жакшы болмок.
Текстери менен чыгаргыла 50 китептин текстин!
Элди китепке болгон кызыгуусун пайда кылган болот элесиздер.
Бирок мен суйундум китеп жонундо соз козгогонунуздарга.
Кыргыздын тойлору,чыгашалары коп.
Кредит,карыздары бар ж.б.
Кундо жумушка барат,келет.
Ойлорунда карызды кантип толойм,жакында тойго кошумчага акча топтошум керек же кимден алып турсам.
Квартира,газ,суу,таштандыга,жарыкка (свет) болгон толомдорго акчаларды даярдашым керек ушундай ойлор менен журушот.
Тамак-ашка болгон акчаны кайдан табамын деп.
Билим жана илим министрлиги сиздерге куч кубат берсин.
Онлайн китеп окуу жана Уй-булоонор менен бирге китеп окуу деген болум ачып элди китепти окууга чакырыныздар!
Туура окуп,туура жазганды билип калышат.
Азыркы учурда создун маанисин жоготуп создун угулушун гана жазып жатабыз соц.тармактарда.