super.kg logo

Ошто милиция мыйзамга баш ийбеген айдоочу аялды токтотуу үчүн асманга ок чыгарууга аргасыз болгон

 

Мыйзамга баш ийбеген айдоочуну токтотуу үчүн эскертүү иретинде ок атуучу куралдан асманга ок чыгарылды. Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү саат 10:20лар чамасында Ош ШИИБинин кызматкерлери Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен С.Абдувалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп турган учурда, Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мыйзамдуу талаптарга баш ийбей автоунаасын токтотпостон, кызматкердин өмүрүнө коркунуч келтирип, аны капотунун үстүндө сүйрөгөн.

Муну менен тим болбостон качып кетүү аракетин көргөндө, укук коргоо органдары штаттык табелдик ок атуучу куралы менен эскертүү иретинде асманга бир жолу ок чыгарышкан.

"Айдоочу аял Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алып келинди. Бул факты боюнча топтолгон материал Ош ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине Жаза кодексинин 355-беренесинин биринчи пунктуна катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Айдоочу алгачкы сурагында, бир жерге шашылыш түрдө автоунаасын башкарып бара жатып, жогорудагы окуя болгондугун билдирген. Сотко чейики өндүрүш иши боюнча милиция кызматкеринин алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
27.03.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
даяр тамак болупсун
28.03.2020. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камап салсын
28.03.2020. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундайларга тушунбойм такыр, шашып баратса токтоп тушундурбойбу шашып баратам деп азыркы Аманда баары эле кыйын биринен бири отуп мыйзам дегенди билишпейт, камап салгыла башкаларга улгу болсун азыркы кырдаалда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: