super.kg logo

Улуу Британияда коронавирусту жытынан аныктоо үчүн иттер үйрөтүлүп баштайт

 

Улуу Британияда коронавирус инфекциясын жытынан аныктап билүү үчүн иттер үйрөтүлүп баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Medical Detection Dogs" мекемесинин бул акциясына Дарем университети менен Лондон гигиена жана тропикалык медицина мектебинин адистери катышат. Буга чейин аталган мекеме иттерге рак, Паркинсон оорусун, малярия жана башка бактериялык ооруларды жытынан сезүүгө үйрөткөн.

"Иттер COVID-19 вирусун жытынан аныктай алат деп ишенебиз. Учурда биз бейтаптардан вирустун жытын коркунучсуз шартта алып, иттерге жыттатуунун айласын табуу менен алекпиз. Жытты билгенден кийин иттер кимде вирус бар, кимде жоктугун жыттап айырмалай билишет", - деген мекеменин незидөөчүсү Клэр Гест.
Лондон мектебинин башчысы коронавирус башка респиратордук оорулар сыяктуу адамдын жытын өзгөртөт деген ойдо. Изилдөөнүн катышуучулары эпидемия басаңдап калганда пландары ишке ашып каларын айтышууда. Ал учурда үйрөтүлгөн иттер аэропорттордо иштеп, вирусту алып жүрүүчүлөрдү аныктап, инфекциянын кайра козголуп, жайылуусуна бөгөт коюшат деп ишенишүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.03.2020. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Итке жукпайт бекен ошондо
28.03.2020. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79,оа
28.03.2020. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Коронавирус менен мурда иттер ооручу экен го, точнее жаныбарлар.
28.03.2020. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вакцина жасап койсо жукбайт.
28.03.2020. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo, ошол вакцинаны адамдарга жасаса болбойбу?
28.03.2020. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйрото баштайт деп.кооп жылдарга чейин бул оору созулаарын айтып жататко
28.03.2020. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коронавирус Гоңкоңдо итке жуккан экен ит өлүп калыптыр го. Булар кантип үйрөтүшөт болду экен ыя???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: