super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмон менен Кыргыз-Тажик чек ара маселелерин өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 28-мартта Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 1- жана 27-мартта өткөн Тажикстан Парламентинин төмөнкү жана жогорку палатасынын депутаттарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. Мамлекет башчылары эки тараптуу Кыргыз-Тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Мындан сырткары коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасына болгон анын кесепеттерин жумшартуу боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: