super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен 58 адам ооруп жатат. Анын 34ү умрадан келсе, 21и зыяратчылардан жуктуруп алгандар (таблица)

 

Бүгүн, 28-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус биринчи жолу катталгандан бери 10 күн, илдет аныкталган аймактарда өзгөчө абал киргенден бери 3 күн өттү.

Бул 10 күн аралыгында 8 жолу коронавирус жуктуруп алгандар тууралуу маалымат алдык. Эң көп илдетти жуктуруп алганы аныкталган күн 24-март болуп калды.

Жаш курагына келсек, коронавирус менен ооруп жаткандардын эң кичүүсү 1 жашка да чыга элек ымыркай, ал эми эң улуусу 86 жашта. Район боюнча Сузак, облус боюнча Ош алдыда. Ал эми илдетке чалдыккандардын 34ү умарадан келсе, 21и зыяратчылардан жуктуруп алгандар болуп саналат. Калган үчөөнүн бири Франциядан, бири Дубайдан, бири Испаниядан келген жарандан жуктуруп алган адам.

Катталган күнү

Канча адам аныкталды?

Жаш курагы

Аймагы

Илдетти жуктуруп алган жолу

18-март

3 адам
(баары эркек)

46, 62, 70 жашта

Жалал-Абад облусуна караштуу
Сузак району

Сырттан.
Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратка барып келишкен

20-март

3 адам
(баары аял)

67, 71, 77 жашта

Ош облусуна караштуу Ноокат району

Сырттан.
Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратка барып келишкен

21-март

6 адам
(үчөө эркек,
үчөө аял)

45-70 жаш аралыгы

Сузак району (5), Баткен району (1)

Сырттан.
Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратка барып келишкен

21-март

2 адам
(экөө тең эркек)

24, 26 жашта

Бишкек шаары

Сырттан.
Бири Франциядан, экинчиси Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяраттан келген

23-март

2 адам
(бири эркек,
бири аял)

60 жаштагылар

Ноокат району

Сырттан.
Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратка барып келишкен

24-март

26 адам
(маалымат такталган соң толукталат)

1 жашка чыга элек ымыркайдан тартып 86 жашка чейин

Сузак району (9),
Ала-Бука (2),
Ош шаары (1),
Кара-Суу району (8), Ноокат району (6)

Сырттан жана сырттан келгендер менен байланышта болгондор.
14ү Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратка барып келген, калганы сырттан келгендерден илдетти жуктуруп алышкан.

25-март

2 адам
(экөө тең эркек)

35 жашта, 60 жашта

Бишкек шаары,
Чүй облусуна караштуу Москва району

Сырттан жана сырттан келген менен байланышта болгон.
Бири Дубайдан (БАЭ) келген, экинчиси Испаниядан келген жарандан илдетти жуктуруп алган.

27-март

14 адам
(төртөө эркек, ону аял)

(маалымат такталган соң толукталат)

Сузак району (7)
Өзгөн району (3),
Ноокат району (2),
Кара-Суу району (1),
Ош шаары (1)

Сырттан жана сырттан келгендер менен байланышта болгондор.
Бешөө Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратка барып келген, калганы сырттан келгендерден илдетти жуктуруп алышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(3)
28.03.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зыярат кылышпаса коюшсун, элди, бутундой мамлекетти кууратышты, азапка салышты (((
28.03.2020. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Этият чараларын коруш кк эле башынан. Эми болору болгондон кийин бул жагы Аман болсун. Мындан жаман кундорду коргозбосун.
29.03.2020. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсыл Айыл экенинда жасанар кандактарда азайат эле ошол Айыл барбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: