Казакстанда коронавирустан айыккан 15 адам ооруканадан чыкты

Казакстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 15 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта Нур-Султан шаарынан 13 адам, Алматы шаарынан 2 адам айыкканы айтылат. Алар үй карантининде болору белгиленген.
28-мартка карата Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 204 адамга жетти. 26-мартта вирусту жуктуруп алган алгачкы бейтап каза болгон. Анын кант диабети менен жабыркап келгени маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
1

Кытайда деле айыгып чыгышпадыбы ошол жөнүндө маалымат берип койгулачы