super.kg logo

Өзбекстанда коронавирустан өзүн-өзү жашыруун түрдө дарылап жүргөн дарыгер каза болду

 

Өзбекстанда коронавирус илдетинен өз алдынча, жашыруун түрдө дарыланып жүргөн дарыгер көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, маркум 39 жашта болгон, ал оорусу тууралуу билгени менен коронавирустан дарылануу үчүн медициналык мекемелерге кайрылган эмес. 26-мартта гана оорусу күчөп кеткенде, Ташкенттеги инфекциялык ооруканага жаткырылган. 27-мартта болсо вирусология бөлүмүнө которулган.

Басылмалар жазган маалыматка караганда, ал ооруну Өзбекстанга бул вирус менен Франциядан келген биринчи бейтаптан жуктурган. Gazeta.uz гезити ал дарыгердин коомчулук ушунча дүрбөп жатканына карабай, өз алдынча дарылануу чечимине келгенин таң калуу менен жазган.

"Дагы бир ойлондуруучу жагдай - ал үйдө дарыланып жаткан учурда канча адам менен байланышта болду, алар канча кишилер менен байланышты? Эмнеге биздин эл бул оорунун кесепети кандай жаман экенин дагы деле түшүнбөй жатат?", - деп билдирген Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги. Ошондой эле бул мекеме жарандарын мекендештеринин өлүмүнүн алдын алуу үчүн дарыгерлер айткан бардык кеңештерди аткарууга чакырган.

Кечээ, 27-мартта Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам каза болгон. Ал 72 жаштагы аял, өлүмүнүн себеби инфаркт болгон. Буга чейин жазылган маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 104 болсо, анын ичинен 11и медицина кызматкерлери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: