super.kg logo

Өкмөт калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын жарыялады

 

Өкмөт калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн бардык резервди пайдаланат, бул үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан он миң тонна ун даярдалган. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте кошумча жардамга муктаж жарандардын жаңыланган тизмесин даярдап жатат. Алар ун менен камсыздалышат.

"Борбордо жана жер-жерлерде ар бир муктаж жаран унутта калбашы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчиликти алышат. Ишкерлер, ыктыярчы уюмдар четте калбаганы кубандырат, алар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына активдүү жардам беришүүдө. Кыргыз Республикасынын өкмөтү аларга жигердүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирет.

Муну менен катар аймактардагы жетекчилерге бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн, кайрымдуулук уюмдардын, жарандык кошуундардын социалдык багыттагы демилгелерин жүзөгө ашырууга ар тараптан жардам берүү, ошондой эле гуманитардык жардамдарды чогултуу жана аны муктаж жарандарга таратуу үчүн туруктуу иштей турган аянтчаларды уюштуруу тапшырмасы берилди", - деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Мындан тышкары жардам иретинде муктаж адамдарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан да ун, май бериле турганы белгилүү болду. Маалыматты министр Улукбек Кочкоров жарыялады. Анын билдирүүсүнө ылайык, аз камсыз болгон ар бир үй-бүлө 3 кап ун, 15 литр май менен камсыздалат. Кийинчерээк мына ушундай эле жол менен дагы 30 миң кап ун жакыр үй-бүлөлөргө жеткирилет.

"Биздин министрлик БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргелешип, жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылып келе жаткан долбоор менен макулдашкан. Ал долбоордогу 1-программа - аймактарда коомдук пайдалуу иштерди жасоо. Экинчиси, жакыр үй-бүлөлөрдү өздөрүнө керектүү кесипке окутуу. Бул эки долбоорго катышкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздап келгенбиз.
Учурдагы кырдаалды эске алып, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биздеги жетекчиси Андреа Баньоли менен жолугушуп, жогорудагы үй-бүлөлөргө тез арада миң тонна (20 000 кап) ун, 100 тонна суу май жеткирип берүүнү макулдаштык", - деп жазган министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
28.03.2020. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Улукбек Кочкоровго ишенебиз,таза так иштейт!!!
28.03.2020. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шаардын четиндеги бир комната квартирада жашаган көп балалуу үй бүлөлөөр калып кетпесин! Квартирага акча жок, жумуштар токтогон базарда каропка солафан чогултуп сатып жанын баккан Апалардын жашоосу бул күндөрдө эмне болуп жатты экен?
28.03.2020. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Samatalibei,эн туура айтасыз кыйналышып жатат квартирада жашагандар ушундай кырдаалда жардам керек болтат бизге окшогондорго
28.03.2020. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менда тортта балам менен квартирада олтурам кечо свет келиптир толой албай жатам кварплат бериш керек эхх жашооо кыйын эле болуп кеттиго мени окундургон нерсе окмот жактан эч кандай жардам жок же балдарга жолок акча жок жеболбосо мына ушундай жашоодо бир штук шренке да жок мага окшогондор толтура жардам керек коп балалууларга
29.03.2020. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
OMURBEK.,Улукбек Кочкоровдун сура да
28.03.2020. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улукбек Кочкоров жакшы иштерди жасап атат...
29.03.2020. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер_админ, Биз 10 кундон бери карантиндебиз Сузак району Благовещенко айылы. биз тарапка конул буруп койсонор.
29.03.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz, өтүнүчүңүз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: