super.kg logo

Өзгөчө абал киргизилген Сузак районунун аймагында рейд өткөрүлдү

 

Бүгүн, 28-мартта Сузак районунун аймагында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттары билдирди.

Маалыматта рейд жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айыл активдери жана ыктыярчы элдик кошуундар менен биргеликте жүргүзүлгөнү айтылат.

"Анын алкагында коомдук жайларда негизсиз топтолуп тургандар, көчөлөрдө калктын санынын аздыгынан өз алдынча эркин түрдө автоунааларын каалагандай коюп алган 60тан ашуун жаран аныкталды. Алар РИИБге жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди.

Ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган жана тиешелүү документтери жок – 33 автоунаа аныкталып, алардын ичинене – 28 унаа айып короолорго жеткирилип, унаа ээлерине айып салынды.

Өзгөчө абал киргизилген аймакта коронавирус илдетинин жайылуусун азайтуу жана токтотуу максатындагы алдын алуу жана эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жогорку деңгээлде уюштурулуп, жергиликтүү калкка үн жогорулатуучу аппараттардын жардамы менен тиешелүү маалыматтар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Сузак районундагы дүкөндөрдө күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктөр кенен, тартыштык жок, элге жеткиликтүү түрдө сатылып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: