Өзгөчө абал учурундагы уруксат кагазы эми электрондук түрдө берилип баштайт (видео, хронология)
Бүгүн, 29-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Ал өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Бишкек шаарынын коменданты.
Ошондой эле комендант 1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда берилүүчү уруксат кагазы электрондук түрдө берилип башталарын билдирди.
"Биз форсмажор шартында иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнүшөт деп ойлойм. Ошондуктан бул жагдайды оңдойбуз. 1-2 күндүн ичинде уруксат кагаздары электрондук түрдө берилип баштайт", - деди ал.
"Бишкек шаары боюнча сутка ичинде 67 протокол түзүлдү. Коомдук жайларда эч кандай кылмыш иши катталган жок. Саат 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 15 аял, 104 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран бар", - деп билдирди Орозалиев.





1 |