super.kg logo
  Спорт  

Түркиянын футбол тарыхындагы эң мыкты дарбазачы коронавирус жуктуруп алды

 

Көп жылдар бою футбол боюнча Түрк курама командасынын дарбазасын коргоп келген Рүштү Речбер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу спортчунун жубайы социалдык тармактарга жазды.

"Жакшы жаңылыктар менен бөлүшкүм келген, тилекке каршы, менин жолдошумду коронавирусту жуктуруп алганына байланыштуу ооруканага жаткырышты. Биз анда болгон оорунун белгилери тездик менен курчуп кеткенине таң калып жатабыз. Анткени буга чейин бардыгы жакшы эле. Кызымдын жана баламдын тапшырган тесттери таза чыкты", - деп жазган Речбердин жубайы.

Рүштү Речбер - түрк футболунун тирүү легендасы. Ал ФИФАнын эң мыкты 100 дарбазачысынын тизмесине кирген. Дүйнө жана Европа чемпиондугунун күмүш жеңүүчүсү. Ал өзүнүн акыркы оюнун 2012-жылы өткөргөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: