super.kg logo

Орусияда алгачкы жолу карантин эрежелерин бузган жаранга кылмыш иши козголду

 

Санкт-Петербургда карантинден качып кеткен жаранга полиция кызматы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы жаран 21-мартта Швейцариядан кайтып келген. Аэропортто ага 2 апта бою үй карантинине жатыш керек экендигин эскертишкен. Бирок ал эшикке чыгып жүргөн, мындан улам 26-мартта жаран "Заря" пансионатына карантинге жаткырылган. Бирок кийинки күнү ал качып кеткен. 28-март күнү укук коргоо органдары аны кармап, кайрадан карантинге жиберген.

Жаранга карата мыйзамдын 30- жана 326-беренелери менен кылмыш иши козголгон. Аталган берене боюнча өлкө ичинде алгачкы жолу кылмыш иши козголуп жатат. Мурда мындай жорук үчүн административдик берене менен гана жаза берилчү.

Кылмыш иши козголгон жаран коронавирус менен ооруйбу же жокпу так жазылган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.03.2020. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде болсо тушундуруу иштер жургузулуп койо берилди эле дейт, очойтуп штраф сал азыр адамдар мээси менен эмес акчасы менен ойлонуп калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: