"Биз акча салганда эле керекпизби?". Орусиянын аэропортундагы Кыргыз жарандары ачкачылык жарыялашты
Орусиянын Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунда кармалып жаткан Кыргыз жарандары ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу ал жакта кармалып жаткан жарандар видео кайрылуу жасашкан.
Алар билдирүүсүндө аэропортто эки аптадан бери кармалып турушканын жана ачкачылык жарыялоого аргасыз болушканын айтып беришкен.
"Бийликке бизди алып кетүүсүн өтүнүп кайрылабыз. Аэропортто 20-марттан бери кармалып жатабыз. Эл, жерибизге баргыбыз келет. Орусия өз жарандарын алып кетип жатышат. Биздин Кыргыз өлкөсүнө салымыбыз көп, акча жөнөтүп жатабыз. Биз акча салганда эле керек эмеспиз да. Эмнеге бизди өкмөт алып кете албайт?" - деп билдирген көзүнө жаш тегеренген жаран.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
-1

Чала була окуп эле урдура берет экенсиңер да э
Бираз тапкан акчабызды той ашка жумшайбыз да, кайра эле Россиянын эшигин сагалайбыз. Ошол билет алган акчаларга тамак аш алып, бир айлык кварплатаңарды төлөп коюп эле жата турсаңар болот го, баары өтмөк. Азыр КРга барасыңар, бир аздан соң кайтканга акчаңар жок карызга белчеңерден батасыңар...