АКШда абакта жаткан адам коронавирустан көз жумду
АКШнын абактардын Федералдык бюросу Луизиана штатынын Окдейл шаарында эркинен ажыратылган 1 жаран коронавирустан көз жумганын билдирди.
Маалыматтарга караганда, 19-мартта 49 жаштагы Патрик Жонс көптөн бери жөтөлүп жатканын билдирген. Жаран тест тапшырып, ал коронавирусту жуктуруп алганы аныкталган. Андан соң ал дарылануу үчүн ооруканага жаткырылган.
Ооруканага түшкөндөн кийинки күнү абалы оорлоп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Дарыгерлердин көргөн аракеттерине карабастан 1 аптадан кийин бейтап көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.