super.kg logo

Вице-премьер Кубатбек Боронов Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин сынга алды

 

Кыргыз өлкөсүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн режиминде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Тармактык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн берилген тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалып жаткан иштер жана кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Биринчи вице-премьер жер-жерлерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасын берди.

"Бишкекке кирип, чыккан унааларды хлор менен дезинфекциялоо иштерин жүргүзгүлө. Бишкектин периметри боюнча тийиштүү санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл. Мындай иштер кичи райондордо жана калктуу конуштарда дагы жасалышы керек. Ушундай эле иштер аймактарда дагы жүргүзүлүүгө тийиш. Бул азыр өтө маанилүү", - деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинин уюштуруучулук, башкаруу иштеринин жетишсиздигин сынга алынды.

"Министрликтин жетекчилигинин уюштуруучулук ишинде кемчиликтерди көрүп турабыз, бул биз тараптан да, калктын да нааразычылыгын жаратпай койбойт. Кетирилген кемчиликтер четтетилет, дарыгерлердин керектөөлөрүн камсыздоо, өзгөчө абал режими учурунда унаа, уруксат маселелерине да тийиштүү. Алдыңкы катарда иштеп жаткан лаборанттар, вирусологдор, эпидемиологдор үчүн тоскоолдуксуз жана коопсуз иштөөнүн бардык шарттары түзүлөт. Калган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары бул жаатта жардам көрсөтүшөт", - деди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле патрулдук милициянын ишмердүүлүгүн сындап, көчөлөрдө жарандардын жүрүүсүн максималдуу түрдө чектөө зарылдыгын баса көрсөттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
29.03.2020. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
не только Бишкек башка жактарды дагы карагыла озунорду ойлоп Бишкекти эле карай бербей
29.03.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл Бороновго нааразы
29.03.2020. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламаттыкты сактоо министри корунбой калды го, оздук карантинге кирип кеткенби?
29.03.2020. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жузундо эле калып атат унаа менен камсыздайбыз дегенинер, жоо барып келип атабыз. Элементарный маска жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: