Ош шаарында коронавирустун алдын алуу иштери үчүн атайын эсеп ачылып, ага 3 миллион 475 миң 934 сом акча түштү

Коронавирустан коргонуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылып, ага 3 миллион 475 миң 934 сом акча түштү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"29-мартка карата Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы шаардык мэриянын атайын эсебине түштү. Анда атайын эсепке жалпы 3 миллион 475 миң 934 сом которулду. Каражаттарды атайын түзүлгөн комиссия көзөмөлгө алат. Комиссиянын курамында укук коргоо органдары, бизнес өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызматкерлер бар", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.