super.kg logo

"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду 30-мартка чейин өлкөнүн бардык аймактарына медициналык бет каптарды таратат

 

30-мартка чейин өлкөнүн бардык аймактарына акысыз медициналык бет каптар таратылат. Мындай жардамды "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду ишке ашырарын депутат Искендер Матраимов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Таажы ылаӊы Кыргыз өлкөсүн катталган алгачкы күндөрү эл дүрбөлөӊгө түштү. Дарыканалардан тиешелүү дары-дармектер, айрыкча бет каптарды табуу кыйынга турду. Ошол маалда "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду элге бет кап таратуу боюнча демилгени колго алып, сатып алууну максат кылдык. Бирок биз болжогондой бет капты дароо таба алган жокпуз. Таратуу үчүн алган бет каптар жетишсиз болгондуктан, жергиликтүү тигүү цехтерине дагы кайрылып, алардан стандартка жооп бере тургандай тигип берүү өтүнүчү менен кайрылуу кылганбыз.

Бир апта мурда фонд Кыргыз өлкөсүндөгү карантиндик аймактарга бет каптарды акысыз таратуу максатында, 5 миллион сомго жергиликтүү өндүрүштөгү медициналык бет каптарды алууга сынак жарыялаган.
Жергиликтүү тигүү цехтеринен 500дөн ашык сунуштарды кабыл алып, Ош жана Бишкек шаарларындагы эки өндүрүш тандалып алынган. Фонд жалпы суммасы 4 миллион 280 миң сомго, 240 миң даана бет кап алып, калган 720 миң сомду ИВЛ жабдыктарын сатып алууга кошуу чечимин кабыл алды.
Алып келип берүүчү төмөндөгү талаптар боюнча тандалган:

1. Сапат жана нарктын туура келиши;
2. Уруксат иш кагаздарынын так болушу;
3. Цехтердин жайгашкан жери жана даярдоо көлөмү.

Бүгүнкү күндө фонд Ош, Баткен жана Жалал- Абад облустарына бет каптарды таратууга жетишти. Калган аймактарга таратуу 2020-жылдын 30-мартына чейин улантылат.

Урматтоо менен, "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фондунун командасы", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
29.03.2020. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен сузак районун тургунунмун биздин айылга эч кандай маска таркатылган жок фапта иштегендер болсо бизде маска жок шаарда аптекалардан алгыла деп жооп беришти жалалабадка барууга эч кандай жол жок бар жок жакты тосуп коюшкан
29.03.2020. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироолор берип жатабыз дейт,эл болсо алган жокпуз дейт тан каласын,оору коп чыккан Сузактыктар албаса анда кимдер алды?
30.03.2020. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сузака башында берилген ошол боюнча эчнерсе бериле элек
30.03.2020. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соке берсенер унчукпайле беребергиле мактанбайле деди эле го... Чын журоктон берип атасынарбы же элдин козунобу деген ой пайда болду менде
Кудайым тынчтык берсин элибизге! 
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: