30-марттан баштап жамгыр жаашы күтүлөт. Аба ырайы тууралуу маалымат
30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
31-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда чаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
1-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.Өрөөндөрдө жана Ысык-көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
2-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.
3-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жамгыр, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат Кыргызгидрометтен алынды.


