Москва шаарынын мэриясы коронавирустун айынан жумушун жоготкон шаар тургундарына айына 19 миң 500 рубль төлөп берет

Москва шаарынын мэриясы коронавирустан улам жумушунан кол жууган шаар тургундарына аларды колдоо, камкордук кылуу максатында социалдык колдоо нормаларын иштеп чыкты. Бул тууралуу мэр Сергей Собянин өз блогу аркылуу кабардар кылганын жергиликтүү басылмалар жазышты.
"Учурда бийлик аймактардагы жумушсуз жарандарга компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүп жатат. Жалпы жумушсуз жарандарга каралган сумма айына 19 миң 500 рублду түзөт", - билдирген ал өз блогунда.
Собяниндин айтымында, төлөм автоматтык түрдө, эч кандай билдирүүлөрсүз дайындалат.
Учурда Орусияда коронавирус менен 1 миң 534 жаран жабыркап, 8 адам бейтап каза болду. 64 жаран айыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2025-06-27
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
0

жатат.Бул башка шаарларда,региондордо уланышы мумкун.