Москва шаарынын тургундарына себепсиз көчөгө чыгууга тыюу салынды

Москвада 30-марттан тартып бардык жашоочулар үчүн жаш курагына карабай үйдөн чыкпай, изоляцияда болуу талабы киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэр Сергей Собяниндин буйругу чыкты.
Мындай режим шартка ылайык күчөтүлүшү мүмкүн. Үйдөн төмөнкүдөй себеп менен гана чыгууга болот.
- Ден соолукка, жашоого коркунуч келген чукул учурда медицина кызматына кайрылуу,
- Милдеттүү түрдө жумушка баруу керек болгондо,
- Жакын аралыктагы дүкөн, дарыканадан соода кылуу үчүн,
- Жашаган аймактан 100 метр алыстыкка кетпей үй жаныбарларын сейилдетүү,
- Таштанды алып чыгуу.
Ал эми шаардан сыртка чыгуу же кирүүгө чектөө болбойт. Кайрылууда техникалык, уюштуруу иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин жашоочуларга атайын өткөрмө барагы менен гана чыгууга уруксат берилери айтылат.
Эске салсак, буга чейин Москва шаарынын мэриясы коронавирустун айынан жумушун жоготкон шаар тургундарына айына 19 миң 500 рубль төлөп берери жазылган.
29-мартка карата маалыматка ылайык, Москвада вирус менен жабыркагандардын саны 1014 болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bond02

30.03.2020. 11:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орустар калып эле кыкендер баштады го паниканы, 5 жылга депортация дагы эмне деп, бир сурот сайттардан 10 жолу келет кунуно.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.