super.kg logo

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн дарыгерлердин тобу түштүк аймагына жөнөп кетишти. Алар бул чечимди өз ыктыярлары менен кабыл алган (сүрөт)

 

Бүгүн, 30-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын топ COVID-19 вирусуна байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагына бир айга жөнөшөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Айтымында, түштүк жергесине дарыгерлер өз ыктыярлары менен бара жатышат.

"Биз жактан бардык шарттар түзүлгөн. Эң негизгиси өзүңөрдүн коопсуздугуңарды сактап, тажрыйбаңарды көрсөткүлө", - деди Чолпонбаев медицина кызматкерлерине жыйын өтүп жатып.

Анын билдиришинче, дарыгерлер ынтымакта иштесе, вирусту жеңип, кубанычтуу кабарды угузуу алыс эмес. Министр белгилеп өткөндөй дарыгерлер түштүк аймагына унаа менен барышат.

"Азыркы тапта авиакаттамдардын убактылуу жок экенине байланыштуу бир аз жол жүрүп каласыздар. Мындан улам аман-эсен жетип алыңыздар. Баарыбыз өзүбүзгө тиешелүү кызматтарды татыктуу аткарып, жакшы кабарды угузалы", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин 25-мартта өз ыктыяры менен түзүлгөн жогорку даражалуу дарыгерлер тобу бир айга Жалал-Абад облусунун ооруканасына эпидемияга каршы дарылоо иш-чараларды аткарууга учуп кетишкен болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(1)
30.03.2020. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах ыраазы болсун. Алланын буйругу менен силердин жардамыңар менен ооругандар айыгып кетишсин мындан аоы да жуктургандар азайып вирус деген жок б.п кетсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: