super.kg logo

Юлия Тимошенко: "Зеленский эл карантинге байланыштуу нааразычылык акцияларына чыга албай жатканынан колдонуп жатат"

 
Раданын депутаты Юлия Тимошенко өлкө президенти Володимир Зеленский кырдаалдан пайдаланып, элди алдап жатканын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкө президенти сунуш кылган жерлерди сатуу боюнча мыйзам долбоору Украинанын карамагындагы жерлерди сатууга жол ачат.
"Элдерге ушундай гана жол менен насыя алууга жана экономикада кыйынчылыктарды чечүүгө мүмкүн экенин айтып жатышат. Бул манипуляция жана карандай калп. Бийлик жөн гана азыркы абалдан колдонуп, элди анын эң чоң байлыгынан кол жуудурганы жатат", - деп билдирген Тимошенко.
Ошондой эле ал аталган мыйзам долбоору айыл чарба менен алектенген жарандарга жаңы жерлерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берерин, бирок алар кааласа дагы сатып ала албай тургандыгын билдирген. Анткени долбоор боюнча жарандар белгиленген мөөнөттө керектелүүчү кагаздарды чогултушу керек.
"Алар бир дагы фермерге жер алууга мүмкүнчүлүк беришпейт. Кийин бул жерлер чоң корпорацияларга сатылат", - деп билдирген депутат
Тимошенко жарандарга кайрылып, бийлик өкүлдөрүнүн ар бир айткан сөзүнө ишенбестен, өзүлөрүнүн жерин коргоп калууга чакырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: