super.kg logo

Beeline сим-картаны бекер жеткирип, балансты толуктап берет

 

Үйдөн чыкпай Beeline компаниясынын абоненти болуңуз!

Жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыздоо максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды эске алып, Beeline өзүнүн абоненттерине кам көргөн мекеме катары "Сим карталарды бекер жеткирүү жана балансты толуктоо" жаңы тейлөө кызматын ишке киргизет. Тиешелүү коопсуздук чараларын сактаган коргоочу экипировкачан кызматкерлер 24 саат бою сим-картаны жеткирип, балансты толуктап беришет.

Сим-карталарды бекер жеткирүү кызматы бар облустар dostavka.beeline.kg сайтында көрсөтүлгөн. Тизме толукталууда.

Эскертүү: Өзгөчө абал режимине байланыштуу ар бир буюртманын убактысы жекече такталат.

Сим-карталар даректин алыстыгына жараша бир күн ичинде жеткирилип берилет.

Сим-картаны жеткирип берүүгө кантип буюртма калтырса болот?

  1. http://dostavka.beeline.kg/ сайтына кирүү;
  2. Тарифти тандоо, жашаган дарегин жана байланыш телефонун көрсөтүү;
  3. Көрсөтүлгөн номер аркылуу буюртма кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдама алуу;
  4. Beeline компаниясынын кызматкери коргонуучу экипировкачан сим-картаны алып келип, каттап берет (ал үчүн паспорттогу сүрөт гана жетиштүү).

Сөзсүз эске алчу шарт. Балансты 300 сомдон жогору толуктоо. Эгер сизге сим-карта эмес, балансты толтуруу гана керек болсо, анда деле балансты 300 сомдон жогору бирдикке толтуруу керек болот.

Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн үйдөн чыкпай коммуналдык, уюлдук төлөмдөрдү аткаруу жана сатып алууңуз үчүн кызматкерлер Balance.kg тиркемесин көчүрүп беришет.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактап, дайым байланышта болуңуздар!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
30.03.2020. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбодум бекер толуктап бере бекен же симканы апкелсе акчасын бере бекенбиз.
30.03.2020. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mamatkerim1968,
Сим картаны бекер жеткирип,единица керек болсо салып берет.Бирок единицанын акчасын бересиз.
Бекер единица салып бербей калды го.
Созду бурмалабай,ачык эле айтпайбы сим картаны бекер жеткирип беребиз деп.Бирок единицанын акчасын бересиздер деп.
31.03.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер единица салып берсе алмакмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: