super.kg logo

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 51 миллион 969 миң сом чогулду

 

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 51 миллион 969 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Боронов коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке ишкерлерден жана жарандардан акча каражаттары түшүп жатканын белгилеп өттү.

"Ал каражаттарды бөлүштүрүү маселесин чечүү үчүн атайын комиссия түзүлүүдө. Ага жарандык коом, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары кирип жатат. Келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү ачык-айкын болот", - деп билдирди Боронов онлайн жыйын учурунда.

Аны менен бирге ал атайын эсепке канча каражат кимден түшкөнүн көрсөтүү үчүн атайын сайт иштелип чыкканын, ал жактан баарын көрүп, жооп алуу мүмкүн экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2020. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чогулуп эле атат ,бул акча каяка жумшалат ?
Учактан 38 адам өлгөндө да мынанча акча чогулуп атат деп ошол акчалар каяка кетти ким билет??
Жепжутарлар муну бизнес кылып алды окшойт ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: