28-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 543 миллион метр кубду түздү
28-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 543 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 484 метр куб, суунун агып чыгышы 219 метр кубду түзүүдө. 2012-жылы бул маалда суу сактагычта 17 миллиард 313 миллион метр куб суу бар болчу. Ал эми суунун агып кириши 514 куб метрди, агып чыгышы 358 куб метрди түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

