Өкмөт өзгөчө кырдаал режими качан алына турганын айтты

Кыргыз өлкөсүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өзгөчө абал режими качан алынары тууралуу онлайн жыйын учурунда билдирди.
Анын пикиринде баары кырдаалга жараша болот. “Өзгөчө абал режими коронавирус илдетинин жайылуусу токтогон учурда алынат. Ошондой эле үй карантининде отурган жарандар жаңы адамдар менен байланышын токтотуусу талапка ылайык”, - деди ал.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кошумчалагандай, өзгөчө абал режимин алуунун критерийлеринин бири – COVID-19 жугузуп алган учурларды болушунча азайтуу.
“Биз Кытайдын тажрыйбасын көрүп жатабыз. Ал жакта көрсөткүч төмөндөп жатат. Эгер бизде дагы төмөндөп, жаңы катталгандар аныкталбаса, анда ички жайылуу азайды деп эсептелинет”, - деди Чолпонбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Agayu

30.03.2020. 18:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура чечим ! Үлгүнү сөссүз түрдө оор кырдалда алабызбы ошондо ? Экономика Коррупция жактан алсак Кыргызстан кедей болуп кетеби ???
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.