super.kg logo

MegaCom баш калаадагы медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыздоодо

 

Шаар ичине карантин жарыялангандан бери транспорттордун жана жарандардын жүрүшүнө тыюу салынган. Бирок ушул тапта элге кызмат көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлерине бул абал тоскоолдуктарды жаратып жатат. Буга байланыштуу MegaCom компаниясы калкка тейлөө көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыздоону чечти.

Буга чейин өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги MegaCom'го дарыгерлерди транспорт менен камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча расмий кат менен кайрылган. MegaCom компаниясы социалдык багыттагы организация болгондуктан, чын көңүлү менен ак халатчандарга жардам колун сунду. Бул үчүн борбор шаардагы дарыгерлерди ташууга бардык шарттары каралган транспорттор бөлүндү.

"Жөнөкөй эмес ушул учурда медицина кызматкерлери жалпыбыздын саламаттыгыбызды ойлоп өздөрүнүн ден соолугун тобокелге салып иштеп жатышат. Компаниянын атынан аларга ыраазычылык билдиребиз", - деп билдирди бул демилге жөнүндө айтып жатып "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун башкы директору Акылбек Жамангулов.

Эске салсак, буга чейин MegaCom компаниясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча санитардык-карантиндик иш-чараларына катышып жаткан медициналык мекемелерин акысыз байланыш, акысыз интернет менен камсыздаган. Мындан тышкары MegaCom'дун демилгеси менен ушундай эле шарт Мамлекеттик бажы кызматынын медициналык кызматкерлери жана Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы өлкөгө коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн штабдын кызматкерлерине түзүлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: