super.kg logo

Журналист мырза 1 күн шиш така кийип жүрөм деп эси оогон

 

"The Sun" басылмасынын журналисти 1 күн шиш така бут кийим кийип жүрөм деп кандай азап тартканын айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ник Хардинг аттуу журналист атайын шиш такасы 5 сантиметрлик жана 7 сантиметрлик бут кийим сатып алган. Эксперимент жасаганды жактырган журналист дүкөнгө барып келип бут кийимин чечкенден кийин башы тегеренгенин айткан. "Шиш таканын бир гана жакшы жагы, өйдөдө турган текчедеги азыктарды кыйналбай алат экенсиң" деген ал. Кийинчерээк Ник шиш таканы кийип балдары менен Лондонго көргөзмөгө барган. Анын айтымында, балдары "айланадагылар шылдыңдашат" деп поездде жанына отурбай коюшкан. Көргөзмөдөн Ник буттары талып, араң кайткан жана бут кийимин чечкенде буту жоруп кеткенин көргөн.

"Шиш така бардык эркектер үчүн боло бербейт. Бирок боюм кыска деп комплекс кармагандар үчүн сонун идея экен. Мен мисалы, жубайым менен кечки тамактанууга шиш така кийип бардым, канча жылдан бери биринчи жолу жубайымдан бийик болуп жүрдүм", - деген Ник.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.03.2020. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай берген бойуна ыраазы болуп журо бербейсинби.
30.03.2020. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жинди)))))Мурун кыйналбай кийет элем,азыр ни как,тизем бүгүлүп баса албайм,тем более жаш бала менен.
30.03.2020. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумса экенин жар салыптырда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: