super.kg logo

30-марттан тарта үй карантиндин тартиптерин бузган жарандарга чара колдонула баштайт

 

Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйыны өттү.

Жыйында 30-марттан тарта үй карантининде жаткан жарандарга карата, ал режимдин тартиптерин бузса, чара колдонулуп баштай турганы айтылды.

Ошондой эле биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов коронавирус жуктуруп алган Нарын облусунун тургуну эмне себептен учуп келгенде 14 күндүк обсервацияга алынбаганын түшүндүрүп берди.

"Коронавирус жуктуруп алган Нарындын тургуну келген убакта чет мамлекеттен келген бардык жарандарды обсервацияга жаткыруу маселеси турган эмес. Ошол маалда биринчи категория (ред: эпидемиологиялык абалы начар, вирусту 1000 кишиден ашык жарандары жуктуруп алган өлкөлөр) кирген мамлекеттерден келген жарандар гана жаткырылып жаткан. Андан кийин дүйнө жүзүндө коронавирус аныкталган өлкөлөр көбөйө баштаганда Кыргыз өлкөсүндө эки гана категорияны калтыруу чечими кабыл алынган. Мындай шартта экинчи категорияга кирген жарандар үй карантинине жөнөтүлүп, аларга анын шарттарын түшүндүргөн нускама берилет.

Мындан тышкары жарандар жеке маалыматын камтыган анкета толтуруп, эч жакка чыкпоо боюнча кол койгондон кийин коё берилет. Ошого карабастан, бул жаран 150 адам менен байланышта болсо, анда бул адамдын жарандык жоопкерчилиги жок.

Эми үй карантинин бузгандар боюнча атайын мыйзам иштелип чыгып жатат, анын негизинде тартип бузгандарга карата сөзсүз чара колдонулат", - деди Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.03.2020. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарына жугуп буткондон кийинби. Тигине саякатчы бакадай болуп бироо канча киши мн байланышта болгон.
30.03.2020. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эллин баары акчаны жакшы корот. Ошондо эле тартипти сактабай карантинде отурбагандарга 10мин сомдон жогору штраф салышканда уйлорундо дымып жатышмак эми кеч
30.03.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уйдо бол дегенден кийин уйдо болбогон кандай жоопкерчиликсиз адам ал озу. Кытайды карап туруп деле абалды айттырбай тушунсо болмок чон эле киши(
30.03.2020. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акчасы барлар үйдө олтурат да, акчасы жоктор не дубалды кемиреби чыгат да кыймылдаш үчүн, ач кадырын ток билбейт деген сөз туура да, когда ач калганда вирусун и карантин да не помеха.
30.03.2020. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кочодо атайин жургондорго салгыла толтура штров. А жумуштан гелгендерге салбагыла , жумушка барып Акча табышышып гелишет семя багам деп. А силер акчаларыны алыб саласынар. Акчасы барлардын гочолорундо жургондордон алгыла тоисть гочодо акчасы менен жургондордон!!!
31.03.2020. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patoshik1,к тамганын ордуна г тамгасын жаза берипсин
30.03.2020. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эптеп эле бир шылтоо айтышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: