super.kg logo
  Саясат  

Президент өлкөнүн бардык аймактарында жазгы талаа жумуштарын өз маалында жана үзгүлтүксүз өткөрүүнү камсыз кылуу зарылдыгын айтты

 

Бүгүн, 30-мартта президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөдө, анын ичинде өзгөчө абал киргизилген аймактарда жазгы талаа жумуштарын өткөрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча азыркы кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуусу жана анын макро экономикалык кырдаалга таасири шартында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоого өзгөчө көңүл бөлүнүшү керектигин билдирди.

Азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугунун маанилүү бир бөлүгү болуп саналарын баса белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында жазгы талаа жумуштарын өз маалында жана үзгүлтүксүз өткөрүүнү камсыз кылуу зарылдыгына токтолду. Өзгөчө абал киргизилген райондорго бөтөнчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Президент айыл чарба тармагында азыркы кырдаалга байланыштуу жаралып жаткан маселелерди чечиш үчүн ишке тартылган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өз ара комплекстүү кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Эркинбек Чодуев бүгүнкү күндө бир катар региондордо белгилүү бир товар түрлөрүнө суроо-талап жогору болуп жатканын маалымдады.

Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык кырдаалына болгон кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штаб менен өз ара кызматташа, калкты негизги товарлар менен жетиштүү өлчөмдө үзгүлтүксүз камсыздоо жана алардын бааларынын жогорулашына жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошону менен катар ал өзгөчө абал киргизилген Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана аталган райондордун акимдери менен биргеликте жазгы талаа жумуштарын талаптагыдай өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жатканын, айыл чарба техникаларынын жүрүүсү жана жер семирткичтерди ташып жеткирүү маселелери чечилип жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: