super.kg logo

Өкмөт: "24 сааттык коменданттык саат киргизүү жөнүндө тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт"

 

"Өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизилет, буга байланыштуу тез арада азык-түлүк сатып алуу керек" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизүү тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. "Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү бул маселе боюнча кошумча түшүндүрмө берет. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалымат жыйынында 24 сааттык коменданттык саатка байланыштуу маселе боюнча айткан текстинин үзүндүсү кесилип алынып, туура эмес чечмелеген. Кубатбек Боронов маалымат жыйындын жүрүшүндө өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгилеген. Калк өзүнүн саламаттыгы жана жакындары менен туугандарынын ден соолугу үчүн күндүзү негиздүү себепсиз бардык жүрүүлөрдү максималдуу түрдө чектөөгө тийиш. Социалдык изоляция эрежелерин сактоо керек, бул жарандык коомдун кынтыксыз аткарыла турган талабы болушу кажет. Антпесе баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн зор тобокелдиктер туулат. Чараларды күчөтүү максатында жөө патрулдардын 410 каттамы иштелип чыкты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: