ЖАМК: "Соттолгон жарандардын дене табы текшерилүүдө"






Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев түзөтүү мекелеринде коронавирус инфекциясын алдын алуу милдетин койду. Ошондой эле соттолгондордун дене табы текшерилүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттолгон жарандар менен алардын жакындарынын жолугушуусу убактылуу токтотулду. Бирок аларга гигиеналык жана жуунуучу каражаттар, дары-дармектер кабыл алына берет.
"Учурда абактарда коронавируска шектелгендер жок. Ошондой эле жалпы абактар дезинфекцияланып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.