Алматы шаарында коронавирустан каза болгондорду атайын полигонго көмүшөт

Казакстандын Алматы шаарында коронавирустан каза болгондорду атайын полигонго көмүшөт. Бул тууралуу шаардык сапат көзөмөлү жана товар коопсуздугу департаментинин башчысына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Каза болгон бейтапты көмүү алгоритмин ыкчам штаб кабыл алган. Алгоритмге ылайык, сөөк дезинфекцияланат, бирок союлбайт, кремацияланбайт. Учурда сөөк коюлуучу полигон аныкталган.
30-марттын жыйынтыгы менен Казакстанда коронавирус жуктурган дагы 6 адам аныкталып, ооругандардын саны 308ге жетти. Бир жаран каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.