super.kg logo

Элге дем керек! Ырчылардын айрымдары онлайн концерт өткөрсө, айрымдары ырларын видео аркылуу арнашууда

 

Бүгүн коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн аймактарына өзгөчө абал режими киргизилген 6-күн. Көчөдө эркин басып, сейилдегенди сагынгандар четинен чыгары айтпасак да белгилүү. Учурда кырдаал курчуп баратканына байланыштуу эстрада ырчылары элди үйдө отурууга, ден соолукка кам көрүүгө чакырып, үйүндө отуруп, социалдык баракчалары аркылуу концерт коюп баштады.

Ырчы Айпери Кулбаева социалдык тармак аркылуу концерт берген кадимкидей жумуш болуп калганын айтат. Ал күйөрмандарына түз эфир аркылуу ырдап берип жатканына 10 күн болуп калганын билдирген.

27-март күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев Инстаграм баракчасында түз эфирден концерт бергени, эртеси коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын үйүнүн балконуна чыгып ырдаганы тууралуу жазылган.

Андан бери 2 күн бою Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова да Инстаграм баракчасы аркылуу күйөрмандарына жандуу концерт коюп келет.

Түз эфирге чыкпаса да Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Жаным" аттуу ырын кавер кылып аткарган.

Кыргыз ырчы мырзалары биригип, "Ден соолук баарынан маанилүү" деген девиз менен "Ден соолук" аттуу ырды аткарышты.

Мырзалардан айымдар кем калмак беле. Кыргыз эстрадасынын ырчы айымдары Элиме тийбегин деген хэштег менен сөзү, обону Маматибраим Бостонкуловго таандык "Тагдыр" аттуу ырды акапелла аткарышты.

Ошол эле ырды ырчы Айпери Кубик кызы атасы Кубик Калыков менен чогуу аткарды.

Ал эми Өктөм Сапар уулу өзүнүн репертуарындагы "Актриса" деген ырын угуучуларына арнаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(17)
31.03.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушулардын деми деле кереги жок элге. Бильейм балким бироого жагаттыр. Просто ото эле пиар кылып жиберишти
31.03.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
Азаматсыздар, сиздерге таазим, элерге дем күч бергениниздерге.
31.03.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Адамдын конулу болсо угабы. Дем керек деп азыр Ден соолук керек адамдарга
31.03.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ушулардан кичине эс алып жыргап калганда кайдан чыгып келишти.
31.03.2020. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай деп отурганда кайдагы дем.Конулдору шатго.
31.03.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азыр булардын тантырап ырдаганы эмес булбулдун уну жакпай аткан маалда кысып эле отурушса
31.03.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Дем берүүнүн ордуна , бизге дем алышты бергиле ..
31.03.2020. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Таз баштар чачынарды эмне кылдынар сактап койдунарбы! Ушундай учурда элге жардам берсенер боло!
31.03.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Samatalibei,чогулуп туруп элге жардам кылгыла дейли ырдабай маска саска таратып ээ же милицияларга тушкусун бир маал тамак жасап бергиле.Вирус кеткенден кийин концерт койсонор кайра ордун толтуруп беребиз ошондо дем куч алабыз
31.03.2020. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тынч эле отургулачы айланайындар, азыркы кезде элдерге дем эмес ден соолук керек
31.03.2020. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын деми болгон Гулзат Мамытбек кайда жүрөт ошол дем берсинчи ыя....
31.03.2020. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dem emes akchasyn bergile jakwy kundordo akchalaryn alyp dubaydy kydyrdynar emi siler dagy bereturgan kun keldi.
31.03.2020. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буларды укпай эле комментарии окуп дем куч алдым сонун комментарии жазыптырсыздар
31.03.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырчылар баары элдин эсебинен байыган! Уялышпай дагы сын айтсан ,ушакчылар мени коро алышпайт деп чыгышат.
31.03.2020. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булар аттан түшсө да ээрден түшпөгөн немелер экен го((( Ырчы чоорчудан кутулбайт экенбиз да (((
31.03.2020. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакында онлайн заказ алабыз деп чыгышпаса болду
01.04.2020. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ар ким бироолорду да озундой ойлойт экен, ичи тар адам башка адамдарды озунон да жаман адам элестетет,лично ушул коментарии жазгандар кайсыл ырчыга канча сом бергенсинер айткылачы кана?Кудайдан коркпогон гыйбатчылар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: