Ханзаада Чарльз Уэльский коронавирустан айыкты

Улуу Британиянын ханзаадасы Чарльз Уэльский коронавирусту жеңди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
71 жаштагы ханзаада коронавирус илдетин жуктурганы аныкталгандан кийин 7 күн үй карантининде болгон. Анын жубайы Камилла Корнуольскаяда вирус аныкталбаса деле аптанын аягына чейин изоляцияда калмакчы. Резиденциядан ханзааданын абалы жакшы болуп калганын билдиришкен.
Эске салсак, буга чейин Англиянын ханзаадасы коронавирус жуктурганы тууралуу маалымат жазылган. Чарльз мырза көп иш-чараларга катышканына байланыштуу кайсы жактан вирусту арттырып алганы аныкталган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.