super.kg logo

Кризистик абалда акчаны сактап калуунун негизги эрежелери

 

Кризистик абал учурунда акчаны сактап калуу жана аны көбөйтүү керек. Алтургай акчаны көбөйтсө дагы болот. Азыр коронавирус пандемиясы күч алып жатканда көпчүлүк адамдар аманатын "жаздыктын алдына катуу" менен чоң катачылык кетирип жатышат. Бирок дүйнөлүк экономисттер акчаны катууну таптакыр сунуштабайт. Тескерисинче, чогулткан акча депозиттик эсепте болбосо, анда аны депозит кылып сактоо эң жакшы. Депозит эмнеге маанилүү жана кандай аракеттерди жасоого болот? Кененирээк макаладан окуңуз.

Кризисте акча каражатын кантип сактоо керек?

Биринчиден, катып койгон каражатты алып чыгып ишенимдүү жакка, тагыраагы, коркунуч жаратпаган ири банктардын биринде сактап коюу керек.

Экинчиден, өзүңүздүн каалооңузга жараша же каржы адисинин кеңеши менен жыйынтыктоочу чечимди кабыл алуу керек. Мисалы акчаны депозит кылып сактоо же алтын куймасы түрүндө (же башка баалуу металл түрүндө) сактоо чечимин тандоо. Акчаны сактоо менен катар аны көбөйтүүнүн бул эки жолу эң ишенимдүү жана бир канча жылдар бою текшерүүдөн өткөн.

Эмне үчүн депозит? Банктарга болгон мындай ишеним кайдан пайда болду?

Кыргыз өлкөсүндөгү банктар ырасында эле ишенимдүү, бул акыркы 10 жыл ичинде аябай байкалууда. Бул убакыт ичинде республикадагы бир дагы банк лицензиясынан ажыратылган жок. Ошол эле учурда Орусияда 2019-жылы 43 банк ишмердүүлүгүн токтоткон. Кыргыз өлкөсүндө Улуттук банктын бекем жүргүзгөн саясатынын негизинде Орусиядагыдай окуялар катталган жок.

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 23 банк каттоодон өткөн жана катуу көзөмөлгө алынган. Мындан бир нече убакыт мурда банктардын саны 25 болчу. Бирок банктардын бири ишмердүүлүгүн микрокредиттик уюм кылып өзгөртсө, "Бакай Банк" менен "БТА Банк" бирикти. Мындай биригүүдөн кийин "Бакай Банк" уставдык капитал (уставдык капитал боюнча 1-2-орунду мамлекеттик банктар ээлейт) боюнча алдыңкы үчтүктүн тизмесине кошулуп, өлкө боюнча филиалдык тармактар арасында 4-орунду ээледи.

  • 2019-жылдын жыйынтыгына ылайык, республика боюнча банктык секторлордун суммардык активдери жыл ичинде 12,2 пайызга өсүп, 249 миллиард сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Улуттук банк банктык системдеги коопсуздукту камсыз кылуу максатында ар бир банкка уставдык капиталдын көлөмү эң аз дегенде 600 миллион сом болушу керек деген мыйзам кабыл алган. Өлкөдөгү ири жана ишенимдүү банктар көзөмөлдөөчү тараптын бул шарттарын мурда эле аткарышкан.

Депозит эмне үчүн маанилүү?

  • Топтолгон каражаттын жетиштүү көлөмү маселе жаралган учурда банк тарабынан милдеттерди так аткаруунун кепилдиги болуп эсептелет. Акчаны банктык эсепке салып жаткан тарап кредитор же насыя берүүчү тарап боло алат;
  • Капиталдаштыруунун (пайданы салымга айландыуу) жогорку деңгээли банктын рыноктогу ишмердүүлүккө болгон кызыкчылыгын далилдейт. Акционерлер банкка канчалык көп акча салышса, каражаттарды башкаруунун эффективдүүлүгү дагы ошончолук жогору болот деген кепилдик өсөт;
  • 12 пайыз - дал ушундай жылдык пайыздык коюм банк рыногундагы эң жогорку коюм болуп саналат. Ал эми жылдык коюму 12 пайыз болгон депозитке акча салуу "Бакай Банкта" мүмкүн.

Депозит тууралуу кеңештер

Кыргыз жергесиндеги банктарда аманат акчаларды сактоонун эң жакшы шарты улуттук валюта - сом менен сактоо эң жакшы. Бирок сомдун куну түшүп, күчүн жоготкон учурда аманат акчаны эл аралык валютага - доллар же еврого алмаштыруу туура болот.

Дагы бир туура чечим делинип, өлкөдөгү банктардын системи менен таанышып чыгуу эсептелет. Эч болбогондо үстүртөн таанышып, акчаны ири банкта сактоо туура болот.

Дагы бир туура чечимдердин бири - акчаңыздын 30 пайызын сом түрүндө, 70 пайызын эл аралык валюта (доллар же евро) түрүндө депозит кылып сактоо керек.

"Бакай Банктын" депозиттик пайыздары менен банктын сайтындагы "Депозиттер" бөлүмүнөн тааныша аласыз.

Алтын куймалары боюнча кеңештер

Акчаны алтын же башка баалуу металл түрүндө сактоо эң жөнөкөй. Республикадагы бир катар банктар накталай эмес металлдык эсеп кызматын көрсөтөт.

  • Накталай эмес металлдык эсеп - бул металлдык эсеп, сизге таандык болгон баалуу металлдын граммы. Каалаган учурда металлды колуңузга албастан, ага экспертиза жасабастан эле куйманы банктан сатып алсаңыз же сатсаңыз болот.

Накталай эмес металлдык эсеп бир гана каражатты сактоонун жолу эмес, мындан каражат тапса болот. Анткени алтынга болгон баа дайыма өсүп турат. Алтынга болгон баанын жогорулашы белгилүү бир чекке жеткенде аны сатып жиберсеңиз болот. Анын үстүнө кризистик абалда баалуу металлдарга болгон баа өзгөрүлмө болуп, наркы жогорулайт. Аналитиктердин сунушуна ылайык, аманат акчанын 20-25 пайызын баалуу металл түрүндө сактоо керек.

"Бакай Банктын" накталай эмес металлдык эсеп боюнча кызматы менен таанышып, кеңири маалымат алуу үчүн банктын сайтындагы "Накталай эмес металлдык эсеп" атайын бөлүмүнө кириңиз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
31.03.2020. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Сактаганга ашыкча акчасы болсо сактайбы, бул карапайым адамдар учун эмес, ири бизнесмен, чиновниктерге, же мигранттрдын туугандарына кенеш экен
01.04.2020. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Өзгөчө абал вирустун жайылышын мындан ары көбөйтпөө максатында 21 күнгө киргизилди. Ошондуктан жарандарга кайрылаарым, азык-түлүктү жетиштүү камдап алыңыздар жана бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылыңыздар
31.03.2020. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азыр жонокой эл тамак ашка акча таппай, бир жагынан квартплата келип, бир жагынан ачка болуп, бираздан кийин толончу карызын ойлоп айласы кетип жаткан убак. Базарда соодасы барлар акчаны жыйып жыргап жатат, элдин дурболонунон пайдаланып заматта долларды шылтоолоп 100-200сомду на месте кошуп сатышып
31.03.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бакай банк ушундай шарттан элди пайдаланып калайын десе керек да.
31.03.2020. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Алтын куймалар чондордо эле болбосо,карапайым эл азыр тамак ашты эле ойлоп калды. Эмне жейм деп
31.03.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кимиси болсода ушундай шарттан пайдаланып элдип алдамай тообоо
31.03.2020. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Болсо сактайсынбы эл акчасын катып жаткандай ойлоптурго.
31.03.2020. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайсы акчаны айтып жатасынар,бизге окшогондор акчаны басып жатыпиырбы бул акчаны эмне кылабыз деп.
31.03.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акчаңды алтынга алмаштырбай колунда жок кедей кембагалдарга тарат.Бир мешок унга жетбеген канча.Садака жетимиш балээден сактайт.Вирус деген балээден кутулам десең мен айтканды кыл !!!
01.04.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айланайын БТА Жана бакай банк ашыкча акча болсо кана биз карапайым эл куйма эмес тагынганга кыргыз 3гр алтыны жоктор бар аларданда кантип нанга кв акча тапсам деп ойлонгондор бар мындай сунушту жогорку жактагылардын ватсабына жазссанар жеакчасы барлар оздору эле силерди таап барат садаган болуп кетейиндерим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: